Мектептин тарыхы
Убайдылда Малтабаров жалпы орто билим берүү мектеби 1991-1992-окуу жылы айыл элинен ашар жолу менен салынган.2005- 2006-окуу жылы жер титирөөнүн негизинде жараксыз абалга келип, мамлекет тарабынан 2013-2014-окуу жылында жаны мектеп ачылган.
Мектеп директору болуп… эмгектенген.
Чокчоев Кубан 1991-1997-жж
Омүрбеков Жаныш 1997-1998-жж
Садырбаев Искен 1998-1999-жж
Күдүева Гүлмира 1999-2000-жж
Кадыркулов Эшим 2000-2003-жж
Толобеков Тынайбек 2003-2020-жж
Исакова Астра 2020-жылдан тартып
Азыркы мезгилде мектепте 22 мугалим эмгектенет. 20 мугалим жогорку, 2 мугалим атайын орто билимдүү.
Сыйлыктары боюнча:
Эмгек синирген кызматкер-1
Билим беруу министрлигинин Ардак грамотасы-2
Облустук усулдук билим беруу болумунун Ардак грамотасы-10
Рай БББ Ардак грамотасы-5
2022-2023-окуу жылына карата мектеп ичинде жалпысынан 8 класс комплект бар, жалпы окуучунун саны-191. Анын ичинен жогорку класстарда (5-11-класстарда)-121 окуучу, башталгыч класстарда (1-4-класстарда) -70 окуучу, даярдоо классында 16 куучу окуп билим тарбия алышат.
Мугалимдердин жетишкен ийгиликтери (конкурс, кароо сынактар):
Окуу жылы | Мугалимдин аты-жөнү | Кароо сынактын аталышы | Алган орду | Алган сыйлыгы |
2014-2015 | Оморова Медина | «Жыл мугалими-2015» | ГРАН ПРИ | ДИПЛОМ 10000 сом |
2021-2022 | Бекболо кызы Аида | «Жыл мугалими-2022» | 2-орун | Грамота. Телевизор |
Окуучулар арасында откорулгон олимпиадаларда райондук, облустук олимпиадада 1-орунду камсыздап Республикалык олимпиаданын катышуучусу Сааданова Айша Рысбековна.
Эмблема