«Кош бол, Алиппе!» майрамы
Убайдылда Малтабаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде «КОШ АЛИППЕ!» майрамы болуп өттү. Биринчи класска келген жаш бөбөктүн алгачкы ачып окуган китеби АЛИППЕ китеби болуп саналат.
Окуучулар «Алиппеден» үйрѳнгѳн ырларын, макал-лакаптарын, аңгеме, жомокторун айтып беришти.
Рахмат сага, Алиппе,
Ак жол сага каалайбыз.
Билимиңди унутпай,
Бойго жетсек актайбыз.
Кош бол, Алиппе!
Окутуп кѳптү үйрѳткѳн,
Ойлонтуп кѳркѳм сүйлѳткѳн.
«Адептүү бол»-дейт ар убак,
Мугалим эжем ал менин,
Актасам дейм эмгегин.
Сылык болсо бала, -дейт,
Мен кубанам ага,- дейт.
Таза жуунуп, тыкан жүрүп,
Ѳз боюңа кара,- дейт.
Сабак жүрүп жатканда,
Кулак сал- дейт айтканга.
Үйрѳнгүн,- дейт, -жана да
Түз отуруп жазганга.
Комментарии