21-МАРТ НООРУЗ МАЙРАМЫ
Убайдылда Малтабаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде 21-март Нооруз майрамын утурлай 5-6-класстардын окуучулары тарабынан уюштурулган «САРМЕРДЕН» оюн – зоогу болуп өттү.
«МЫКТЫДАН МЫКТЫ ИРГЕЛГЕН
ТАНДАЛЫП БААРЫ БИР КЕЛГЕН
КЫЗЫКТУУ ОЮН КУРУШАТ
КЫЗ –ЖИГИТТЕН САРМЕРДЕН» демекчи Нооруз майрамына арналган кыз-жигиттин сармердени өтө жогорку деңгээлде уюштурулуп, кыргыз элинин каада-салттарынан тушоо кесүү жана чач өрүүнү чагылдырып беришти.
Жыйынтыгында калыстардын чечими менен «достук жеңди» аталып, эки тараптын тең чыгуусу менен аяктады.
Комментарии