5-март Ак калпак күнү!
КИЙГЕНДЕ БАШКА ЖАРАШКАН
СУКТАНЫП БААРЫ КАРАШКАН
АК КАЛПАК КАЛГАН МУРАСКА
АТАБЫЗ АЙКӨЛ МАНАСТАН –деп ыр сабында айтылгандай бүгүн 5-март Ак калпак күнүнө карата Убайдылда Малтабаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде улуттук баалуулуктарды сактоо менен кыргыз элинин тарыхый мурастарын, каада-салт жөрөлгөлөрүн даңазалап, өсүп келе жаткан жаш муундарды «Манас», «Семетей», «Сейтек» уюмдарына кабыл алуу аземи болуп өттү. Бүгүнкү иш –чарага Чолпон айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Макишов Эрнис Орозобекович келип катышты.
«Манас» уюму 9-11-класстын балдары кызыл түстөгү калпак, кыздары кара түстөгү галстук, «Семетей» уюму 5-8-классынын балдары көк түстөгү калпак, кыздары көк галстук жана «Сейтек» уюму 1-4-класстардын балдары жашыл түстөгү калпак кийишип, кыздары жашыл түстөгү галстук тагынышты.
Комментарии