Китеп окуу сынагы
Кочкор районундагы Осоавиахим айылынын Убайдылда Малтабаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде 27-февраль күнү саат 10.00 дө «Өзүңдү оку!» аттуу китеп боюнча тест сынагы болуп өттү. Жалпы 55 окуучу катышып, анын ичинен 5 окуучу кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланды.
1-орун 8-классынын окуучусу Айдарбекова Бегай (2000 сом)
2-орун 10-классынын окуучусу Иманкулова Айназик (1500 сом)
3-орун 7-классынын окуучусу Сатыбекова Зейнеп (1000 сом)
4-орун 7-классынын окуучусу Камчыбеков Байэл (600 сом)
5-орун 8-классынын окуучусу Касымбекова Нурайым (300 сом)
Окуучулардын китепке болгон кызыгуусун арттыруу үчүн мындай саамалыктар «Адеп Башаты» уюму тарабынан уюштурулуп турмакчы.
Окуучуларды билимге, китеп окуусуна кызыгуусун арттырууда «Адеп Башаты» уюмуна мектеп жамааты, мектеп окуучулары ыраазычылык билдиришет!
Комментарии